Курсту аяктаган соң канчалык деңгээлде билимиңиз өскөнүн текшериңиз.
150 ичинен 0 Суроолор аткарылды
Суроолор:
Вы должны заполнить это поле. |
|
Вы должны заполнить это поле. |
|
Вы должны заполнить это поле. |
Сиз буга чейин Тест бүтүргөнсүз. Демек, аны кайра баштоого болбойт.
Тест жүктөлүүдө…
Тест баштоо үчүн кирүү же катталуу керек.
Сиз адегенде төмөнкүлөрдү аткарышыңыз керек:
0 – 150 суроого туура жооп берди
Сиздин убакыт:
Убакыт өттү
Сиздин балыңыз: 0 – 0, (0)
Алынган упай(лар): 0 – 0, (0)
0 Essay(s) Pending (Possible Point(s): 0)
Орточо упай |
|
Сиздин упайыңыз |
|
№. | Аты | Тестти оттү | Упайлар | Жыйынтык |
---|---|---|---|---|
Таблица жүктөлүүдө | ||||
Табылган жок | ||||
Көрсөтмө
1-ден 30-га чейинки суроолор эки чоңдукту камтыйт, алардын ар бири тик бурчтуу рамкага: бири А КОЛОНКАСЫНА, ал эми экинчиси Б КОЛОНКАСЫНА алынган. Сиз бул эки чоңдукту салыштырууңуз жана жоопту тандооңуз керек:
Тапшырманын өзүндө (А), (Б), (В), (Г) тамгалары менен белгиленген жооп варианттары жок. Алар I бөлүктүн ар бир бетинин башында берилген нускамада келтирилген. Туура жообун тандап туруп, жооптор барагындагы туура жоопко туура келген тегерекчени боёшуңуз керек.
Кээ бир суроолордогу салыштырылуучу чоңдуктар тууралуу кошумча маалымат берилет. Ал
салыштырылуучу чоңдуктардын үстүнө жайгаштырылат жана рамкага КАМТЫЛБАГАН.
Тапшырманын эки колонкасында да катышкан символ А КОЛОНКАСЫНДАГЫ жана Б
КОЛОНКАСЫНДАГЫ чоңдуктар үчүн бирдей мааниге ээ болот.
Сандар
Тестте жалаң чыныгы сандар гана пайдаланылат.
Фигуралар
Тапшырмалар менен кошо келтирилген фигуралар чыгаруу үчүн пайдалуу маалыматты берет.
Фигуралар атайын эскертилгенден БАШКА учурларда масштабда жана тегиздикте
сүрөттөлгөн.
1.
2.
3. x – 4 = 0,8 x
4.
5.
6.
7. 6 + 2x < 4
8. x ⨂ y = 9x + 2y
9.
10.
11.
12. х санынын бүтүн бөлүгү деп х тен кичине же барабар болгон эң чоң бүтүн
сан аталат. х санынын бүтүн бөлүгү [x] деп белгиленет.
13.
14.
15.
16.
17.
18.
19.
20. f(x) = – x2; g(x) = – |x|
21.
22.
23.
24.
25.
26.
27. 2 < x < 8
1 < y < 6
28.
29. ABCD – параллелограмм. DE жана EF – биссектриса.
30.
Нускама
31ден 60ка чейинки суроолорлун ар бирине жооптун төрт варианты берилет. Алар (А), (Б), (В), (Г) тамгалары менен белгиленген. Суроого жооп берип жатып, сиз тапшырманы, бардык жооп варинаттарын кунт коюп окуп, жооптордун кайсынысы эң ылайык келерин аныкташыңыз керек. Сиз сунуш кылынган жооптордун бир эле вариантын тандашыңыз керек болгонун унутпаңыз.
Сандар
Тестте анык сандар гана колдонулат.
Фигуралар
Тапшырмалар менен кошо берилген фигуралар масаелени чыгаруу үчүн пайдалуу
маалыматты берет. Атайын алдын ала айтылган учурдан БАШКА учурларда
фигуралар масштабда жана тегиздикте тартылган.
31. 2+2⋅(8+28) : 4 − 18 = ?
32.
33. m – жуп, р – так сан. Так санды тап.
34. (p – 3x +4) – (p – 2x +1) = ?
35. ABCD – квадрат. P(ABCD) = ?
36. 20 бурчтуктун бир бурчунан канча диагональ жүргүзсө болот?
37. 1ден 20га чейинки сандагы 20 билет бар. 3кө бөлүнчү катардагы билеттин алынуу ыктымалдуулугу канча?
38. (𝑥^3 ⋅ 𝑥^2)^6 = ?
39. 1/6 жана x тин арифметикалык орточосу 1/4 ге барабар. х = ?
40. m-n > – 3; m жана n канчага барабар?
41. ABCD – квадрат, жагы а га барабар. Эгер 0,8 < a < 0,9 болсо, P(ABCD) =?
42. Канча бөлүгү боёлгон?
43. y = kx+b графиги
44. Эгер бирдей 9 робот 9 саатта 27 тетик жасаса, 1 робот 10 тетикти канча саатта жасайт?
45-48ге чейинки суроолор төмөнкү диаграммага тиешелүү. Каракол шаарында 5 айдын жаан жааган күндөрү берилген.
45. Каракол шаарында жааган жаандын арышы канча?
46. Каракол шаарында жаандын арифметикалык орточосу канча? (мм)
47. Каракол шаарынын август айында жааган жаан июль айынын канча пайызын түзөт?
48. Каракол шаарында жааган жаандын медианасы = х.
х + 10 ⋅ 2 – 5 = ?
49. х=?
50. Быйыл Азизанын туулган күнү 26-апрель, шаршемби. Эгер Айдай Азизадан 4 күнгө кичүү болсо, Айдайдын туулган күнү быйыл аптанын кайсы күнү болот?
51. Бир нече устундарды таарып бир нече бөлүккө бөлүштү. Эгер 20 таарып, 32 бөлүккө бөлсө, анда канча устун болгон?
52. Баштыкчада 10 кызыл, 5 жашыл, 15 көк шарлар бар. Кол салып, бир шар алып чыкса, кызыл же көк шар чыгуу ыктымалдуулугу канча?
53. ABCD – тик бурчтук. S(ADC) = ?
54. 12 жыл мурун Асел х жашта, агасы эки жаш улуу болсо, 6 жылдан кийин агасы канча жашта болот?
55. p санын 8 ге бөлсө калдыгы 2 болот, кайсынысы 8ге калдыксыз бөлүнөт?
56. Нурбек китептин 5/7 ин окуду. Эгер ал 70 бет окуган болсо, дагы канча бет калды?
57. Эгер 𝑚2−𝑛2=21 жана 𝑚−𝑛=3 болсо, 𝑚⋅𝑛=?
58. Эгер (3x)y = 18, анда ху = ?
59. (26^23−13^5⋅8^10)^0−(8^2−9⋅7)^2023=?
70.
Э.Абдылдаеванын “Жан азыгы макаласы боюнча’’
Ааламда кыймылда болбогон эч нерсе
жок. Кыймыл өз кезегинде толкунду
пайда кылат, үн толкундарын биз музыка
деп атайбыз. Музыка жеке эле адамдарга
5 таандык эмес. Ар нерсенин өзүнө
мүнөздүү үндөрү, демек, музыкасы бар.
Байыртадан адамдар жаратылыш менен
эриш-аркак жашап, табият үндөрүн
чебердик менен колдонушкан. Оорунун
10 мүнөзүнө карап, бейтап адамдарды
музыка менен дарылашкан. Илимпоздор
ата-бабаларыбыздын андап-туйгандарын
илимий негизде далилдешүүдө.
Илгери ислам мамлекеттеринде
15 жандүйнөсү жабыркап, акылынан айнып
калгандар үчүн атайын бейтапканалар
ачылып, аларды музыканын жардамы
менен дарылоо ыкмасы колдонулган. Ал
эми байыркы түрк уруулары музыка жана
20 үн аркылуу таасир эткен адамды “бакшы”
же “кам” деп аташкан. 1284-жылы
Каирдин башкаруучусу Аль-Мансур
Сайфиддин “Мансурийя” ооруканасын
курдурган. Бул жерде ар кыл музыкалык
25 аспаптар кеңири колдонулган жана ал
бейтапкана бүгүнкү күнгө чейин
сакталып калган. Ал эми айрым заманбап
бейтапканаларда телерадиодон жана
компьютердик жабдуулардан чыккан
30 үндөр пайдаланылат.
Туркиянын Эдирне шаарында
жайгашкан дарылоо мекемесинде музыка
менен дарылоо ыкмасы кеңири
колдонулган. Бул жайдын ортосунда орун
35 алган сахнада сценкалар коюлган.
Ал эми мунаранын алдындагы фонтандын суусу
тегерегине бир калыпта чачылып, өзүнүн
шыңгыр добушу менен адамдын жарпын
жазып турган. Адистер кайсы ооруга
40 кандай добуш, кандай ыргак туура
келерине чейин тактап жана кайсы убакта
кандай музыканы угуу маанилүү
экендигин да аныкташып, бул багытта
жогорку чеберчиликке жетишкен.
45 Мисалы, кээ бир музыканын ыргагын –
түштөнүүдөн кийин, айрымдарын –
күүгүм киргенде жана түнкүсүн угуу
көбүрөөк натыйжа берери аныкталган.
Сонку кездерде медицина илими
50 музыканын таасирин дагы тереңирээк
изилдөөгө киришти. Мисалы, азыр
Түркиянын Мармара университетинде
музыканын өнөкөт ооруларга жана
психологиялык жабырланууларга каршы
55 таасири изилденүүдө.
Адам организминин 60-80 пайызы
суудан турары эч кимге деле жаңылык
эмес. Так ушул суулар денебизде ар
кандай дабыштык термелүүлөрдү
60 өткөзүүчү кызматты да аткарат.
Ошондуктан, термелүүлөрдү кулак менен
гана укпастан, ар бир клеткабыз менен да
15 сезебиз. Ар кандай башаламандыктар
бизди стресстик абалга алып келип,
65 көңүлүбүздү чөгөрөт. Натыйжада
иммундук системабыз начарлап,
организмибиз алсыз болуп калат. 90
децибеллден жогору үн толкундары
стрессти пайда кылып, угуу
70 жөндөмүбүздү начарлатат. Доктор
Ховарддын айтымында, жогорку
жыштыктагы кыймылдуу музыка
адамдын аң-сезимине алкоголдук
ичимдиктердей, баңгизаттардай таасир
75 берип, анын жүүнүн бошотуп,
көзкаранды абалга алып келет.
Америкалык белгилүү дарыгер
Митчелл Гейнор музыканын таасири
жөнүндө мындай дейт: “Уккулуктуу
80 музыка менен адамдын ден соолугунун
байланышы бар экендигине күндөн-күнгө
0 ишеним артууда. Эгер биз жагымдуу
адамдардын жанында жүрсөк, же шандуу
музыкага, жумшак термелүүлөргө толгон
85 чөйрөдө болсок, өзүбүздү абдан жеңил
сезип, өзүбүзгө ишеним пайда болот.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Моцарт менен
Вивальдинин музыкасы жүрөктүн
согушун басаңдатып, мээ толкундарын
90 жөнгө салуу менен кыймылдуулукту
азайтат. Ал эми рок-поп музыка эненин
курсагындагы наристеге коркунуч
туудуруп, анын тыбырчылоосун
көбөйтөт”.
95 Адамдын үнүнүн дарылык касиети бар.
Бирок, адамдар анын баалуулугун толук
түшүнө элек. Үн бүт клеткаларга жана
органдарга таасир берет. Ал эми анын
дарылык касиетин колдонуш үчүн
100 жагымдуу музыка угуш керек.
…Илгери Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнүн
биринде гүлдү жакшы көргөн император
жашаптыр. Жаз келгенде ал жоро-
жолдошторуна өзүнүн гүл бакчасын
105 шаан-шөкөт менен көрсөтчү. Ал эми
алдыда дайыма музыканттар жүрчү.
Көрсө, назик музыканын үнү гүлдөргө
өзгөчө таасир берип, алардын миң түркүн
болуп ажайып ачылышына өбөлгө түзчү
110 экен. Ошондой эле окумуштуулардын
айтымында музыка чөптүн өсүшүнө эң
чоң көмөк берет. Атүгүл, классикалык
музыка аларга айрыкча жагымдуу келип,
ал эми “джаз” музыкасы чөптөрдүн
15 кыжырын келтирет экен.
Адистердин пикири боюнча музыка
мээнин бөлүкчөлөрүнө таасир этет.
Себеби мээде жагымдуу жана ыргактуу
музыканы кабыл алуучу каналчалар
120 болот. Ырдоого үнү, шыгы жок адамдар
да жагымдуу музыканы укканга куштар
келишет. Жай темптеги музыка
жагымдуу сезимдерди пайда кылып, кан
басымын жана жүрөктүн согушун
125 басаңдатуу касиетине ээ. Музыка стресс
гормондорунун азайышына, чыңалуунун
басаңдашына, гемоглобиндин
көбөйүшүнө, ара төрөлгөн наристенин
жетилишине оң таасирин тийгизет.
130 Стенфорд университетинде стрессти
басаңдатуу боюнча изилдөө жүргүзүлгөн.
Атайы чакырылган бейтаптардын тобуна
тандалма музыка уктурулган соң,
оорулуулардын депрессиялык абалы
135 кыйла жакшыра түшкөнү баамдалган. Ал
эми башка бир топко сегиз жума бою
музыка угузбай коюшкан, натыйжада
алардын абалы жакшырган эмес. Музыка
оорулуу адамдын жандүйнөсүн
140 айыктырып, тез сакайып кетишине түрткү
берет. Бейтап адамга операция жасардын
алдында жактырган ырын угузса, ыр
укпаган бейтапка караганда “эс
алдыруучу дарылар аз өлчөмдө талап
145 кылынат. Музыка изилдөөчүлөрдүн
айтымында, жеңил жана шаңдуу музыка
операциядан кийин жараттын ооруганын
басаңдатат. Уйкусу качкандар же тынчы
кеткен адамдар классикалык жана
150 заманбап музыкаларды угушса, көпкө
чейин мемиреп уктап, сергек турушат.
“Моцарттын таасири” китебинин
автору Дон Кемпел мээсине кан уюп
калганын билгенден кийин күнүнө 7 жолу
155 үч мүнөттөн оозун жаап туруп, ичинен үн
чыгарып жүргөн. Натыйжада уюган
кандын көлөмү 4 сантиметрден 3
миллиметрге чейин кичирейген. Кийин ал
китебине минтип жазган: “Музыка
160 адамдын жандүйнөсүнө таасир этет.
Энебиздин курсагында жатканда эле
музыка, жагымдуу добуштар ден
соолугубузга, кабыл алуубузга жана
жүрүм-турумубузга өз үлүшүн кошот”.
165 Айрыкча перзент күтүп жаткан эне
үчүн жагымдуу музыканын таасири,
жаркын маанай абдан маанилүү.
Ошондуктан, табият тартуулаган угуу
жөндөмдүүлүгүбүздү туура колдонуп,
170 жагымдуу музыканын жардамы менен
сезимталдыгыбызды өрчүтөлү.
31. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы тексттин 14-21-саптарындагы сүйлөмдөрдө туюнтулган ойду тагыраак чагылдырат?
32. Тексттин 39-48-саптарындагы сүйлөмдөрдө айтылгандар боюнча оорулууну музыка менен дарылоонун ийгиликтүү жолу эмнеге байланыштуу?
33. “Адамдын үнүнүн дарылык касиети бар” (94-сап) деген ырастоону тексттин 152-158-саптарындагы сүйлөмдөрдө айтылган ой
34. Төмөндөгү ырастоолордун кайсынысында бардык башкаларындагы ой толугураак камтылган?
35. Тексттин 100-110-саптарында айтылгандарга негизденип, императорду кандай мүнөздөөгө болот?
36. Тексттин 168-171-саптарындагы сүйлөмдө берилген ойдун маанайы
37. Текстте баяндалган ой негизинен эмне жөнүндө
І. Музыканттардын турмуштагы орду
ІІ. Музыканын дарылоочулук касиети
ІІІ. Бейтап адамдардын музыкадан алган таасири
ІV. Музыканын таасирин илимий изилдөөнүн тарыхы
38. 130-138-саптарда айтылган ой –
39. Тексттин 112-115-саптарындагы сүйлөмдө автор оюн кандайча билдирген?
40. Тексттин 107-110 жана 159-164-саптарындагы сүйлөмдөрдө айтылган ойлор бири бирине –
А. Байбосуновдун “Элдик эсепчилер” макаласы боюнча
Кыргыз эли илгертен эле аба
ырайынын бузулушун же тескерисинче,
анын оңоло баштаганын билдире турган
белгилерге байкоо жүргүзүп, аларды
5 жыйынтыктай, корутундулай билишкен.
Бул өнөрдү жакшы өздөштүрүү үчүн
адамдан өзгөчө бир шыктуулук,
жөндөмдүүлүк талап кылынган. Мындай
зээндүү адамдарды “олуя киши” же
10 көпчүлүк учурда жөн эле “эсепчи”,
“жылдыз эсептөөчү” деп коюшкан.
Жылдыз эсептөөчүлөр аба ырайын
аныктоодо айрыкча жылдыздардын
кайсы мезгилде жана кайсы тараптан,
15 кандай абалда көрүнөрүнө көп көңүл
бурушкан. Ошону менен бирге алар
шамал менен булуттун багытына, жылыш
ылдамдыгына, келгин куштардын кайсы
учурда биздин жергебизге учуп келишери
20 жана күзүндө кайрадан жылуу өлкөлөргө
кайтышарына, бакма, жапайы
айбандардын, жөргөмүш, чымын-чиркей
сыяктуу жандыктардын жүрүм-
турумдарына тынымсыз байкоо
25 жүргүзүүдөн аба ырайынын бир
жумалык, атүгүл бир нече айлык
прогнозун түзө алышкан. Мына ушул
себептен эл арасында көрүнүктүү
эсепчилер тууралуу “олуя эмес, бирок
30 олуядан кем эмес” деген ылакап кеңири
таралган.
Таластан Төрөкул деген эсепчи чыккан
экен. Ал аба ырайында боло турган
өзгөрүүлөрдү негизинен шамалдын ба-
35 гытына, анын күчүнө карата аныктап
билген дешет. Ал төрт тарабы ачык
дөбөчө жерге оттун күлүн конус форма-
сында үйүп койгон. Шамалдын багытын,
анын күчүн ошол үймөкчө күлдүн кайсы
40 тарапты карай, канчалык алыстыкка ча-
чылышына карата ченеп билген.
Шамалдын аба ырайына тийгизген
таасирлерин төмөндөгү белгилерден
билсек болот: эгерде шамал күчөп барып,
45 өз багытын кескин өзгөртсө, анда жакын
арада эле жамгыр жаайт.
Чүй өрөөнүндө элге кеңири белгилүү
Айбаш эсепчи деген жашаган. Ал аба
ырайынын прогнозун чымын-
50 чиркейлердин канчалык бийик
учкандарына, кумурскалардын
уюгундагы өзгөрүүлөргө,
жөргөмүштөрдүн желелеринин абалына,
карап аныктоочу экен.
55 Жамгыр болор алдында абанын
нымдуулугунун көбөйүшү да кээ бир
чымын-чиркейлерге таасир берип, алар
жапыс учуп калышат. Анын себеби
мында: нымдуу күнү бул жандыктардын
60 денесиндеги тыбытчалар менен түктөрү,
ошондой эле канатчалары нымды
сиңирип алышат. Бул, албетте алардын
денесин оорлотуп салмактантат. Мына
ушундан улам алар жер бетине жакындап
65 учууга аргасыз болушат. “Чымын-
чиркейлер малды, адамды тажатып,
тынчын алса жамгырга” деген элдик
түшүнүктүн төркүнү ушунда.
Айбаш эсепчи аба ырайын
70 прогноздоодо атмосферанын
нымдуулугунун көбөйүшүн билдирүүчү
табигый жана жасалма нерселерге ар
дайым көңүл бурган. Эсепчинин ою
боюнча: кыйкырган үн же атылган
75 мылтыктан чыккан дабыш пас угулса,
идишке салынган ун-талкан, туз
нымдашып, териден жасалган буюмдар:
жүгөн, басмайыл, көөкөр, чанач ж.б.,
ошондой эле адамдын чачы, малдын
80 жүнү жумшарып калса, демек булар күн
бузулуп, жаан-чачын жакындап калганын
билдирген.
Жогоруда айтылгандарды далилдөө
үчүн төмөнкү маалыматтарга назар салып
85 көрөлү: абада суу буусу дайыма болот.
Анын өңү-түсү жана көрүнүшү абадан
айырмасы жок болгондуктан, биз аны көп
деле этибар албайбыз. Эгерде абанын
составындагы суу буусунун проценти
90 белгилүү нормадан көбүрөөк болсо, анда
аба нымдуу деп эсептелет, ал эми
нормадан азыраак болгон кезде – кургак
деп коюшат.
Улуу физик жана математик Ньютон
95 бир күнү аба ырайынын ачыктыгына
ишенип, сейилдөө үчүн талаага чыгып
баратканда бир койчу ага: “Үйүңүзгө
кайтыңыз, катуу жамгырда каласыз”-
дейт. Ал койчунун тилин албай коёт. Бир
100 аз убакыт өткөндөн кийин чынында эле
жамгыр нөшөрлөп, Ньютон үйүнө сыгып
алма суу болуп кайтат. Көрсө,
тажрыйбалуу койчу жайган койдун
жүнүн сылап көрүп, абадагы нымдын
105 көптүгүнөн жүн жумшара түшкөндүгүн
байкап, жаан-чачын болорун алдын ала
сезген экен.
Өз мезгилинин атактуу эсепчиси
Манеке аба ырайындагы боло турган
110 өзгөрүүлөрдү булуттарга, айга, күнго,
жылдыздарга карап билчү экен. Ал өз
эсептөөлөрүн булуттардын түрлөрүнө,
алардын белгилүү бир багытка карай
жылышына, ылдамдыгына, булуттардын
115 жерден канчалык бийиктикте экенине
айрыкча көңүл буруу менен жүргүзгөн.
Мына ушундай байкоолордун негизинде
Манеке мейли жай күнү болсун, мейли
кышында болсун, эгерде батыш тараптан
120 кара булуттар ылдамдап жылып келишсе,
жайында жамгыр, кышында катуу
бороон болот деген жыйынтык чыгарган.
Мунун толук чындыгы бар. Жеңил суу
бууларынын өтө муздашынан булуттар
125 пайда болот. Алар суу тамчыларынан же
муз кристаллчаларынан турушат. Мына
ошол үчүн булут жамгырдын же кардын
жаашын алдын ала билдирет. Бул илимде
мурдатан эле аныкталган.
130 Азыркы кездеги илимпоздордун
далилдөөлөрү боюнча Күндөн Жерге
келүүчү нурдун энергиясы аба ырайын
аныктоочу негизги фактордон болуп
саналат. Жер менен абанын энергия
135 алмашып туруулары бир топ физикалык
жана химиялык айлануулардан кийин
тигил же бул процесстерге алып келет.
Биз аба ырайы деп атаган нерсе мына
ушунун өзү болуп саналат. Дегеле шамал,
140 бороон, жамгыр, мөндүр, дагы ушу сыяк-
туу табияттагы кубулуштар Күндүн энер-
гиясынын таасиринен келип чыгат.
Кылымдар бою келе жаткан канат-
туулардын миграциялары жаратылышта
145 сейрек кездешүүчү эң кызык биологи-
ялык фактылардан. Мындай миграция
жан-жаныбарлардын турмуш-
тиричиликтери менен терең байланышта
болуп, аба ырайынын өзгөрүүлөрүнө көз
150 каранды келет. Эгерде жамгырдуу же кар
аралаш шамалдарга туш келүүнү алдын
ала сезген инстинкттери өнүкпөсө, канат-
туулардын көптөгөн түрлөрү эчак кыры-
лып, тукумдары соолмок.
155 Окумуштуулар радиолокаторлордун
жардамы менен карлыгачтардын
атмосферанын абалынын өзгөрүүлөрүн
артыкча кылдат сезип-билүү
жөндөмдүүлүктөрүн аныкташкан жана
160 ушуга ылайык алар өздөрү учуп өтүүчү
багыттагы жаан-чачындын болорун бир
нече күн алдын ала туюшарын
белгилешкен. Алар аба басымындагы
анча-мынча өзгөрүүлөрдү да сезе
165 билишет. Канаттуулар учкан кезинде
айланадагы шартка ылайыкташып,
жердин магниттик талаасын жана багыт
алган жакты көздөй урган шамалдын
күчүн даана байкап, буларды өздөрүнө
170 пайдаланышары аныкталды.
Атмосферадагы табигый кубулуштар
жалаң гана Күндүн таасирине
байланыштуу келгендиктен жаздын,
жайдын, күздүн жана кыштын цикл
175 боюнча кайталанып туруусу алдаганча
туруктуу болот. Жаан-чачындын, кардын
айлык, жылдык нормалары, алардын се-
зон боюнча кайталануулары да бир калы-
пта сакталып турат. Мына ушул себептен
180 эл арасынан чыккан эсепчилердин аба
ырайынын кубулуштарына карата көп
жылдык байкоо жүргүзүүлөрү, ага карата
түзгөн прогноздору көп учурда туура бо-
луп, бул жагдай адамдардын жаратылы-
185 штын сырдуу көрүнүштөрүн чечмелеп
түшүнүүсүнө, жалпы эле алардын
чындыкты таанып-билүүсүнө белгилүү
көмөк көрсөткөн.
41. Элдик эсепчилерге карата “олуя эмес, бирок олуядан кем эмес” (29-30-саптар) деген ылакаптын айтылып калышынын себеби –
42. Тексттин 94-107-саптарындагы абзацта айтылган ой 73-82-саптардагы сүйлөмдө айтылган ойдун –
43. “Чымын-чиркейлер малды, адамды тажатып, тынчын алса жамгырга” (65-68-саптар) деген элдик түшүнүк абзацтын контекстинде кандай маанини билдирет?
44. Төмөнкү үзүндүлөрдүн кайсынысында бардык башкаларында туюнтулган ойлор жалпылап берилген?
45. Текст боюнча элдик эсепчилерге мүнөздүү бөтөнчөлүк –
І. табият кубулуштарын таанып- билүүгө кызыгуу
ІІ. илимге салым кошууга умтулуу
ІІІ. айлана-чөйрөгө баамчыл мамиле жасоо
ІV. жан-жаныбарларды коргоого аракеттенүү
46. Тексттеги эсепчилер тууралуу маалыматтардан кандай жалпы тыянак чыгарууга болот?
47. Макаланын стили –
48. 150-154-саптардагы сүйлөмдө айтылган башкы ой канаттуулардын-
49. Текстте айтылгандар автордун –
50. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы автордун максатын толугураак чагылдырат?
М. Бекешованын “Кыргыз оюулары табият гармониясы” макаласы боюнча
1-үзүндү
Кыргыз элинин жашоо турмушу,
тиричилик шарты байыртадан айлана-
чөйрө, табият менен тыгыз байланышта
болуп келген. Табият кыргыз элинин үйү
5 да, дүйнөсү да болуп, ансыз жашоо
мүмкүн эместигин билишкен. Ар бир
сүйүнүчтү, кайгыны, жоготууну
табияттын атына байланыштырып кароо
да ошондон калган. Калк ичинде табиятка
10 кыянат мамиле кылуу акыры жамандыкка
алып келет, кайсы бир адамдын башына
түшкөн муң-зар анын качандыр бир кезде
жасаган ыплас ишинин кесепети деп
билишкен. Табияттын сулуулугун бузуу
15 элдин түшүнүгүндө туура эмес нерсе
болгон. Анткени, көчмөн эл табиятты өзү
менен бир деңгээлге койгон. Тоо
жаныбарлары төлдөгөн учурда
мергенчиликке чыгуу табият алдында
20 эртедир-кечтир сөзсүз жооп бере турган
чоң кылмыш катары эсептелген.
Табият менен мындай жуурулушуу
кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүндө, оюу-
чиймелеринде өзгөчө орунду ээлеген.
25 Элдик кол өнөрчүлөр күнүмдүк жашоодо
колдонулуучу буюмдун баарын оюу-
чиймелер менен кооздоп, ар бири ага
өзүнүн жаңылыгын кошуп, оюу-
чиймелердин, өң-түстөрдүн жаңы
30 айкалыштарын жаратып, алардын ар
бирине маани-мазмун беришкен.
Оюулардын ар биринен адам менен
табияттын гармониясы чагылганын
көрүүгө болот. Кызыгы – байыркы
35 заманда элдик уздар атайын эскиздерди
колдонбой туруп, түркүн оюуларды
чийип, ага өздөрүнүн дүйнөтаанымын,
түшүнүгүн сыйдыра билишкен. Ошонун
негизинде элдик уздар сейрек кездешүүчү
40 буюмдарды жаратышкан. Оюунун ар
тараптуулугу, өндөрдүн айкалышып
тургандыгы автордун жандүйнөсүнүн
тереңдигин айгинелеген. Мыкты уз эл
ичинде бийик кадыр-баркка ээ болуп,
45 жасаган буюм-тайымы элдик казынага
айланган.
Учурдагы кыргыз оюуларынын негизи
коло доорунда түптөлгөн. Ал кездеги
оюуларда жаа тарткан мергенчи, жарым
50 тегерек асман, жер, жылуулук берген күн,
жаныбарлар, өсүмдүктөр даана
чагылдырылган. Убакыт өткөн сайын бул
оюулар жаңы идеялар, түстөр менен
толукталып келген. Азыркы оюулар
55 байыркы оюуларга окшошпогону менен,
ошол оюулардагы негизги идея ушул
күнгө чейин жетти.
Кыргыз оюуларында уздар кармана
турган белгилүү тартип жок болгону
60 менен, алардын негизги принциптери
алигүнчө бекем сакталат. Аларда
түстөрдүн тең салмактуулугу, айкалышы
жана табият сыяктуу гармонияда болушу
талап кылынат.
65 Элдик оюулардын эң негизги
өзгөчөлүгү – карама-каршы келген
түстөрдүн бири-бирин толуктап турушу.
Бул өз ичине «жалган дүйнөдөгү» кайчы
келген эки күчтүн тең салмактуулугунун
70 чексиздиги тууралуу идеяны камтыйт.
Адегенде кыргыз оюулары кандайдыр
бир заттарды, буюмдарды чагылдырса,
убакыт өткөн сайын өнүгүп, татаал,
түшүнүүгө оор формаларга өтө баштаган.
75 Учурдагы оюулар абстракттуу
философиялык идеяларды туюндуруп
турушат.
Белгилүү «инь-ян» белгисинин өзөгүн
кытай философиясы жараткан деген көз
80 караш бар. Ал эми Кытайдын көркөм
искусствосунда эки түстүн гармониясы
деген принцип жок. Айрым иликтөөлөр
боюнча «инь-ян» белгиси биринчи жолу
Кытайда эмес, Алтайда табылган. «Инь-
85 ян» белгисин кыргыз оюуларынын ар бир
композициясынан тапса болот. Бул белги
карама-каршы түшүнүктөрдүн ажыра-
гыс биримдигинин символу. Эки күч өзүн
толукташ үчүн дайыма бири-бирине тар-
90 тылып, натыйжада бирдиктүү феноменди
жаратат. Бирок, ошол эле учурда алардын
ар биринин өз жолу жана мааниси бар.
Оюулардын дээрлик бардыгы
майрамдык маанайдагы ачык түстөр
95 менен берилиши салтка айланган. Элде
оюулардын сыйкырдуу күчү үй-бүлөнүн
кутун, тынчтыгын жана жаман көздөрдөн
сактайт деген түшүнүк бар. Түркүн
оюулар менен кооздолгон үйдө көзгө
100 көрүнбөгөн күч жашайт, ал күч адамга
дайыма жаркын үмүттөрдү, таттуу
кыялдарды тартуулайт, ал эми жашоонун
терең гармониясы өкүм сүргөн үйдө эч
качан чыр-чатак болбойт деген ишеним
105 жашап келет.
Ы. Кадыровдун “Элдик өнөр” макаласы боюнча
2-үзүндү
Кыргыз элдик өнөрү өткөн мезгилдин
байыркы көркөм мурастарынын бири. Ал
турмуштук тажрыйбадан келип чыгып,
элдин тиричилиги, анын үрп-адаттары
110 жана салт-санаалары менен түздөн-түз
байланышкан.
Кыргыздын энциклопедиялык
чыгармасы болуп эсептелген “Манас”
эпосунда да түрлөнтүп сайма сайган,
115 турмуш-тиричилик буюмдарын
көркөмдөп жасаган, аялзатынын
жасалгалары менен кийим-кечелерин миң
түргө келтирип кооздоп, эр буюмдарын
келиштире жасаган элдик уз-усталар,
120 чеберлер жөнүндө кеңири айтылат.
Байыркы мезгилде үй-бүлөлүк
деңгээлдеги кесиптин жана кол
өнөрчүлүктүн мааниси абдан чоң болгон,
алар өз алдынча тармак боло албаса да,
125 айыл чарбасын жүргүзүүдө зор мааниге
ээ болгон. Эл ичинен чыккан чеберлер
мал асырап, аны мезгилге жараша
жайыттарда багышкан, жер айдап, дан
өстүрүшкөн, тиричилик буюмдарын
130 жасалгалоо жөнүндө кам көрүшкөн.
Колунан көөрү төгүлгөн элдик
чеберлердин жасагандары негизинен үй-
бүлөнүн муктаждыктарын
канааттандырган. Ошол учурда эле
135 адамдар айрым буюмдарды алмашышкан,
кийинчерээк базарларда сатышкан,
айрымдар атайын өздөрүнө керектүү
буюмдарды жасатып алышкан. Үй
тиричилик буюмдарын жана
140 жасалгаларды даярдоодо мал чарба
продукциясы: жүн, тери, мүйүз кеңири
пайдаланылган. Айлана-чөйрөдө өскөн
өсүмдүктөр: бак-дарак, бадал, тамыр,
жалбырак, чий дагы элдик чеберлер
145 жараткан буюмдар үчүн материал болуп
кызмат кылган; ар кандай өсүмдүктөрдүн
ширеси боёк катары колдонулган.
Өтө жөнөкөй аспаптарды колдонуп,
кол эмгеги менен гана жасалган үй
150 тиричилик өндүрүшүнүн кайтарымы аз
болгон, ошондой эле ал көп убакытты
жана зор күч-аракетти сарптоону талап
кылган. Бирок чеберлердин өздөрүнүн
турмушундагы ишине жасаган ынтаасы
155 жана берилгендиги кооздукту жарата
билүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.
Ошондуктан кыргыздардын көптөгөн
салттуу мыкты буюмдары улуттук
колоритти сактоо менен учурдун
160 эстетикалык талаптарына шайкеш келет.
Кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн
чыгармачылыгы өз алдынчалыгы менен
айырмаланат, анткени алар элдик
салттарды, ыкмаларды, өнөрдүн түрлөрүн
165 так сакташат. Алар кичине эле каражат
менен чоң көркөм маанилүүлүккө
жетише алышат. Элдик чеберлерде,
айрым учурларды эске албаганда,
трафареттин жоктугу таңгалыштуу факт
170 болуп эсептелет. Алар өздөрүнүн эң
сонун, кайталангыс чыгармаларын күчтүү
өнүккөн образдуу ойломунун, чен-
өлчөмдү жана шайкештикти сезе
билүүсүнүн натыйжасында жаратышат.
175 Күчтүү эске тутуу жөндөмү, бир көрүү
менен эле чагылдырган көркөм көчөт
жана түстүк жасалгалар чеберлердин
чыгармачыл изденүүлөрүнүн ажырагыс
бөлүгү болуп саналат. Ар бир жасалган
180 буюм көркөм көчөт менен кооздолот, ал
бүтүндөй бир дүйнөнү кооздук
дүйнөсүн – элестетет. Саймаларда оюу-
чиймелер кыйла динамикалуу,
зергерчилик өнөрдө же токуучулукта
185 көркөм көчөттүн формасы кыйла
туруктуу, так жана даана. Көп учурда
көркөм көчөттүн үлгүлөрү жаныбарлар
жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, көчмөн
тиричиликтин буюмдарын чагылдырат.
190 Кыргызстандын жаратылышы карама-
каршылыктуу жана кереметтүү: суук,
катаал климат мелүүн алкак, аппак
мөңгүлөр шалбаа, токойлор менен
алмашат; тоолордо укмуштуудай кооз,
195 көздүн жоосун алган көгүлтүр көлдөр
мөлтүрөйт, алардын ичинде өлкөнүн
бермети болгон Ысык-Көл, ак мөңгүлүү
Ала-Тоосу да бар. Мына ушулардын
бардыгы “Өнөрүң болсо өргө чап” деп,
200 элдик чеберлерди эң бир кооз буюмдарды
жасоого шыктандырып тургансыйт.
51. 1-үзүндүнүн 9-14-саптарында айтылган ойду эмне деп аныктаса болот?
52. 1-үзүндүнүн 48-52-саптарындагы сүйлөмдө баяндалган ой 1-4-саптардагы сүйлөмдө айтылган ойду –
53. 1-үзүндүнүн 65-67- жана 93-95-саптарындагы сүйлөмдөрдө баяндалгандар эмне тууралуу?
54. “Жалган дүйнө” (1-үзүндү, 68-сап) деген туюнтма контекстте кандай мааниде колдонулган?
55. “… аялзатынын жасалгалары менен кийим-кечелерин миң түргө келтирип кооздоп” жасагандар (2-үзүндү, 116-118-саптар) –
56. “Колунан көөрү төгүлгөн” (2-үзүндү. 131-сап) деген туюнтма мааниси боюнча төмөндөгүлөрдүн кайсынысына жакын?
57. Автор “Манас” эпосу жөнүндө (2-үзүндү, 112-120-саптар) маалыматты кандай – максатта колдонгон?
58. 1-үзүндүдө келтирилген төмөндөгү ойлордун кайсынысы 2-үзүндүдө ЖОК?
59. “Өнөрүң болсо өргө чап” деген макалдын мааниси эмнени билдирет? (2-үзүндү, 199-сап)
60. Текст кайсы стилде жазылган?
Нускама
Тестте Сиз аткарууга тийиш болгон төмөндөгүдөй тапшырмалар бар:
Тапшырмада асты сызылган сөздөр же сөз айкаштары кездешкен учурда, жоопту дал ошолорго гана негизденип берүү керек.
Сөздөрдө түшүп калган тамгалар жана сүйлөмдөрдө түшүп калган сөздөр үч чекит менен белгиленген. Тапшырма катары берилген сөздөр жана сүйлөмдөр суроодон мурда, же суроодон кийин жайгаштырылып, курсив менен бөлүп көрсөтүлгөн.
Ар бир тапшырманын туура жообу бир гана варианттан турат.
Жооптордун варианттары орус алфавитинин чоң тамгалары менен белгиленген. Туура вариантты жооп барагына белгилеп, боёп коюуну унутпаңыз.
2. Кайсы варианттагы сөз туура жазылган?
3. Төмөндө берилген кайсы варианттагы сөздөрдүн ортосуна сызыкча коюш керек?
4. Кайсы варианттагы сүйлөмдө асты сызылган сөз сүйлөмгө мүчө боло албайт?
5. Кайсы варианттагы сүйлөмдө асты сызылган сөз эки сөздүн биригишинен жасалды?
6. Кайсы варианттагы асты сызылган сөз өзүнүн алгачкы маанисинде колдонулду?
7. Кайсы варианттагы сүйлөмдө эки кыймыл-аракет бир эле мезгилде ишке ашты?
8. Кайсы варианттагы сүйлөмдө асты сызылган сөз туура колдонулду?
9. Кайсы варианттагы сүйлөмдө кыймыл-аракет ким тарабынан аткарылганы белгисиз?
10. Кайсы варианттагы сүйлөмдө асты сызылган сөз тырмакчага алынып жазылат?
I. өз ордуна отурду да
II. ал баары менен учурашты
III. эшикти такылдатып кирди
IV. сөзгө кулак салды
11. Жогоруда берилген сүйлөм бөлүктөрүн кайсы варианттагыдай ырааттуулукта берсек, кырдаал туура чагылдырылган болот?
12. Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?
13. Кайсы катардагы сөздөрдүн бир варианты туура эмес жазылган?
14. китепканачылардыкындабыз
Жогоруда берилген сөзгө уланган сөз жасоочу мүчөлөр кайсы вариантта берилген?
15.Кайсы варианттагы сүйлөмдө aсты сызылган сөздөн кийин тыныш белгиси туура коюлган?
16. Кайсы варианттагы сүйлөмдө асты сызылган сөз сандык маанини туюндурат?
17. Бардыгы туура ташымалданган сөздөрдүн катары кайсы?
18. Кайсы варианттагы сүйлөмдө асты сызылган сөз аралыкты билдирет?
19. Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?
20. Кайсы варианттагы сүйлөмдүн биринчи бөлүгү себепти, ал эми экинчи бөлүгү анын натыйжасын билдирип турат?
21) Кайсы варианттагы сүйлөмдө үтүр белгиси туура коюлган?
22) Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?
23) Кайсы варианттагы сүйлөмдө белгиленген сөз кыймыл-аракеттин ордун билдирип турат?
24) Кайсы варианттагы сүйлөмдө асты сызылган сез өзүнөн кийинки сөзгө күчөтүү маанисин берет?
25) Бүгүн чыга албайм жумушум аябай көп.
Сүйлөмдөгү асты сызылган сөздөн кийин кайсы тыныш белгиси коюлат?
26) Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы эч катасыз жазылган?
27) Кайсы варианттагы сөздөргө мүчө уланганда унгулары өзгөрүп кеткен?
28) Кайсы сүйлөмтөгү асты сызынан сөздөр каалоо-тилекти билдирет?
29) Ит менен мышыктай
Жогоруда берилген туруктуу сөз айкашына карама-каршы маанидеги туруктуу сөз айкашы кайсы вариантта берилген?
30) Кайсы варианттагы сүйлөмдө асты сызылган сөздөн кийин сызыкча белгиси коюлат?